Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

“Республика” партиясы коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт


Фракция мүчөсү Канат Исаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүндөн тарта “Республика” партиясы бардык фракцияларга атайын сунуштар менен кайрылат. Ага ылайык беш фракциянын депутаттары кирген атайын жумушчу топ түзүлмөкчү. Бул жумушчу топ тарабынан коалициялык келишим иштелип чыгат да, анда парламенттик көпчүлүк түзүү шарттары такталат.

30-ноябрда Социал-демократтар партиясы өздөрүнө “Республика” жана “Ата Мекен” партияларын кошуп, көпчүлүк коалиция түзгөн. Бирок коалициянын максаты ишке ашпай, тароого аргасыз болгон. 4-декабрь күнү президент Роза Отунбаева көпчүлүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн “Республика” партиясына берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG