Токтогул суу сактагычындагы суунун өлчөмү бүгүнкү күндө 18 миллиард 915 миллион куб метрди түзгөнүн “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасы билдирди. Былтыр ушул эле күнү Токтогулда 12 млрд. 277 млн. куб метр суу бар болчу. Ал эми 2008-жылы 8 млрд. 878 млн. куб метр суу болгон. Ал кезде суу сактагычтагы суунун өлчөмү кескин азайып кеткенине байланыштуу электр кубатын пайдаланууга катаал чектөөлөр киргизилип, жалпы республика боюнча пландуу жарык өчүрүүлөр орун алган болчу. Энергетиктер быйыл андай жарык өчүрүүлөр болбосун айтышууда. (IJz)