Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Жети-Өгүздө мугалимдер иш таштоо уюштурат


Жети-Өгүз районунун мугалимдери 13-декабрь күнү район борбору Кызыл-Суу айылында чогулуп, акимчиликтин алдында бир күндүк иш таштоо акциясын өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саруу айылындагы Жапар Чабалдаев атындагы мектептин мугалими, акциянын уюштуруу комитетинин мүчөсү Карыпбек Чакибашев билдирди. Алар мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү, аларды социалдык жактан камкордукка алуу сыяктуу талаптарды коюшат. Нааразычылык акциясы эскертүү иретинде өтүп, ага Жети-Өгүз районундагы 42 мектептен келген мугалимдер катышмакчы.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы төрт мектептин мугалимдери да эмгек акыны көтөрүү талабы менен 1-декбардан бери нааразылык акциясын өткөрүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG