Ош шаардык соту июндагы коогалаң учурунда жайма базардагы адам өлтүрүү фактылары боюнча беш адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишин кароону 15-декабрда улантат. Бул тууралуу сот залынан “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы маалымдады.
13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлүп, дарыяга ыргытылган сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан табылган. Бул ишке байланыштуу беш киши айыпталууда. Алардын арасында ага-ини, 21 жаштагы Тахир жана 20 жаштагы Бабур Амановдор бар. Мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулардын үчөөнү өмүр бою, экөөнү сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасын сурап атат.
Ош жана Жалал-Абад облусунда ушул тапта коогалаңга байланыштуу кылмыш иштери боюнча шектүү делип 300 киши кармалган. Июнь окуялары маалында жалпы мерт болгон 429 кишинин денеси табылган. (IJz)