Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Обама Түндүк Кореяны Кытай лидерине таянып, тартипке салат


АКШ президенти Барак Обама Кытай лидери Ху Цзинтаону Корей жарым аралындагы курч жагдайды талкуулоого чакырды. Маалыматка караганда, Обама жекешемби күнү шамдан кийин Хуга телефон кагып, башка өлкөлөр менен бирдикте Пхенянга ар кандай чагымчылыкка баруусуна жол берилбесин ачык билдирип койууну сунуш кылган. Түндүк Корея 23-ноябрда Йонпйонг аралын аткылап, Түштүк Кореянын төрт жараны өлгөндөн бери Корей жарым аралындагы кырдаал начарлап кеткен. Анын артынан эле Түштүк кореялык жана АКШлык аскерлер деңиз машыгуусун өткөргөн.
Түндүк Кореядагы кырдаал АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлеринин бүгүн Вашингтондо болчу кездешүүсүндө талкууланат.

XS
SM
MD
LG