“7-апрель” кыймылынын жетекчиси, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин европалыктарды Кыргызстанга келбей турууга үндөгөн чыкырыгын сынга алды. Анын пикиринде, Германия элчилиги “Кыргызстанда толкундоолор болуп кетиши мүмкүн” деген сыяктуу божомолдорго таянып, немистерди жана европалыктарды Кыргызстанга келбей турууга үндөгөн билдирүү таратууга акысы жок болчу.
“Германия элчилиги мындай билдирүүсү менен дипломатиялык ката кетирип, тынч эле турган өлкөгө чет элдиктердин келүүсүнө бут тосуп атат. Бул – кыйын мезгилди башынан өткөрүп аткан Кыргызстанга бут тоскондук”, - дейт Ө.Токтонасыров. Германия элчилиги мындай билдирүүлөрүн токтотпосо укук коргоочу элчиликтин алдында нааразычылык акциясын уюштурарын билдирди.
Германиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын жана европалыктарды өтө зарыл иш болбосо Кыргызстанга, өзгөчө Ош жана Жалал-Абад облустарына өкмөт түзүлгүчө келбей турууга чакырганы элчиликтин сайтына жазылган эле. (IJz)