Пакистанда жанкечтилер жардырган бомбадан 28 киши өлдү, 50дөй адам жарадар болду. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, бир жанкечти бомбаны өкмөтчүл уруу аксакалдары чогулган имараттын ичинде жана экинчиси - сыртында жардырган. Ооганстанга чек аралаш түндүк-батыш аймактагы Галанай шаарындагы бомба чабуулун ким уюштурганы азырынча беймаалым.
Бу аймакта талиптер жана “ал-каидачылар” өкмөт менен кызматташкан уруу аксакалдарына жана бийлик адамдарына үзбөй кол салып турат.
Бу аймакта талиптер жана “ал-каидачылар” өкмөт менен кызматташкан уруу аксакалдарына жана бийлик адамдарына үзбөй кол салып турат.