Грекиянын байтакты Афинада коопсуздук күчтөрү менен нааразылык акциясына чыккан жаштардын кагылышуусу болду. Алар бир жыл мурдакы массалык тополоңдо полициянын огунан өлгөн 15 жашар Алексис Григорополисти эскерип, көчө жүрүшүнө чыгышкан болчу. Көпчүлүк демонстранттар парламентти көздөй тынч баратышкан. Бирок жаштардын ажылдаган бир тобу полицияны ташбараңга алып, дүкөндөрдү, банктарды жана телефон чалчу жайларды талкалап, будуң-чаң салышты. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн Афинанын борбордук бөлүгүнө 5 миңден ашуун полиция жайгаштырылган. Кечинде демонстранттар өсүпүрүм набыт болгон жерге чогулуп, маркумду эскерип, аза күтүшөт.