Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

НАТО Ооганстанда түнкү операцияларды токтотпойт


Оогандардын, анын ичинде президент Хамид Карзайдын каршылыгына карабастан, НАТО талиптерге каршы түнкү операцияларды токтотпойт. НАТОнун өкүлү Йозеф Блоцтун билдиришинче, атайын күчтөр маал-маал өткөрчү түнкү операциялар коалициялык аскерлер талип согушчандарына каршы колдончу көп тактиканын бири саналат. АКШнын атайын күчтөрү акыркы үч айда өткөргөн түнкү жортуулда козголоңчулардын 350дөн ашуун командири жок кылынган. Бирок президент Карзай карпайым калк арасындагы чыгым көп болууда деп, түнкү операцияларга каршы.

XS
SM
MD
LG