АКШ өзүнүн улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү деп эсептеген жайлардын тизмеси боюнча Мамдепартаменттин маалымат катчысы Филип Кроли мындай маалыматты ачыкка чыгаруу "Ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдарга буталардын тизмесин колуна карматкан менен барабар", - деди. Мамкатчы Хиллари Клинтон бул тизме АКШнын өкмөтүнөн уурдалганын белгилеп, АКШнын достору менен шериктерине коркунуч келириши мүмкүн экендигин эскертти. Викилиикс жарыялган тизме 2009-жылдын февралында түзүлгөн, анда жер шарынын булуң-бурчундагы курал системалары менен иштеген ишканалар, ар түрдүү кендер; ваксина, дары чыгаруучулар, жер алдындагы коммуникация кабелдери, энергия булактары ташылган жолдор бар. АКШнын баш прокуратурасы бул маалыматтын ачыкка чыгышынын артында турган адамдарды сот жообуна тартуу мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын билдирди.