"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, Жогорку Сот камактагы активист Айдос Садыковдун апелляциялык арызын четке какты. Садыков өткөн июнда "тентектик кылып, полицияга каршылык көрсөткөн" деген айып менен эки жылга кесилген. Бул өкүмдү август айында Ак-Төбө областтык соту күчүндө калтырган. Өзүнүн соттолушун саясий кысым деп эсептеген Садыковдун адвокаты Татяна Лазарева "Азаттыкка" Садыковдун арыздарын Казакстандын бардык соттор четке каккандыктан, эми ал эл аралык уюмдарга кайрылууга укуктуу экендигин билдирди. Анын аялы Наталя Садыкова Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитетине арызданганы жатат.