Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Тоолуу Бадахшандын борборун жолбун ит каптады


Тажикстандын чыгышындагы Хорог шаарында соңку айларда 80ге чукул жолбун ит өлтүрүлгөн, алардын бешөөсүн шаардын акими Мулкамон Назаралиев өзү жок кылган. Бирок Назаралиев менен катар коммуналдык кызматтар бир итти атканы үчүн 100 сом акы алган ит аткычтар токтобой жаткандыгын айтышууда. Коммуналдык кызматтардын өкүлү Йораб-шо Арабшоев "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, соңку жылдары жаш ит аткычтардын бир нечеси сырдуу оорудан көз жумгандан кийин эл арасында «аларды кудай жазалады» деген сөз тараган. Шаардын мурдагы полициясы иттерди атуудан баш тарткан. Арабшоев Мургабдан аңчыларды алып келсе, алар беш-он итти аткандан кийин качып кетишкен. Ал эми бир нече итти кармап, алыскы тоолу аймактарга алып барышса, алар кайра келип алышкан. Саламаттык бөлүмү ит каап, бир нече киши ооруканага түшкөндүгүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG