Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Фракциялар алдындагы жумушчу топтор коалиция боюнча кеңешүүлөрдү улантат


Ушул саатка карата “Республика” партиясынын жумушчу тобу “Ата Мекен”, СДПК жана “Ар-Намыс” фракцияларынын жумушчу топтору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ал эми “Ата-Журтчулар” менен жолугушуу бүгүн болот деп күтүлүүө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Республика" партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Жумушчу топтор коалициянын алкагында фракциялар аралык кызматташуунун жол-жоболорун иштеп чыгышмакчы. Андан соң фракция жетекчилери жумушчу топтор даярдаган жол-жоболордун негизинде коалициялык макулдашуу тууралуу өз-ара талкууларын улантышат. Айрым фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов сунуштаган мындай вариант эффективдүү болот деген ишенимин билдиршсе, Ата-Журт фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев тескерисинче коалиция түзүү маселесин создуктурушу мүмкүн деп белгилеген.

XS
SM
MD
LG