“Достук” мейманканасында өтүп жаткан бул иш-чарада медициналык кызматкерлердин ишинин жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстанда медайымдардын ишин алгалатуудагы келечек иш-чаралар талкууланууда. Ошондой эле медайым менен акушердик иште жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбалары каралмакчы. Курултайга саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов катышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (ES)