Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Токтогул суу сактагычында суу акырындан азайууда


Учурда суунун өлчөмү 18 млрд. 884 млн. куб метр болду. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Былтыр ушул эле күнү Токтогулда 12 млрд. 277 млн. куб метр суу бар болчу. Ал эми 2008-жылы 8 млрд. 878 млн. куб метр суу болгон. Ал кезде суу сактагычтагы суунун өлчөмү кескин азайып кеткенине байланыштуу электр кубатын пайдаланууга катаал чектөөлөр киргизилип, жалпы республика боюнча маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп турган. Энергетиктер быйыл андай жарык өчүрүүлөр болбосун айтышууда. (ES)

XS
SM
MD
LG