Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Июнь коогасында өрттөлгөн ЖМТРКнын имараты ачылды


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык жергиликтүү телерадиокомпанияны калыбына келтирүү жана тийиштүү жабдууларды сатып алыш үчүн баш-аягы он жети миллион сом каражат сарпталып, куруу иштерине үч ай убакыт жумшалган. Бул аралыкта телерадиокомпания ишмердүүлүгүн Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык колледждин имаратында жүргүзүп келген.
Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын имаратын июндагы кандуу окуялар маалында белгисиз бирөөлөр өрттөп, андагы техника жана башка жабдуулар бүтүндөй күйүп кеткен болчу. Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (ES)

XS
SM
MD
LG