Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

HRW абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышат


Бүгүн Human Rights Watch (Хьюман Райтс Уотч) уюмунун өкүлдөрү жана Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова баш болгон бир катар жергиликтүү укук коргоочулар Бишкек шаарындагы №42 колонияда кармалып турган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышканы барат. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди.

Азимжан Аскаров өлкө түштүгүндөгү коогалаң күндөрү, 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталган. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарып, кийин облустук сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган эле. Соттун мындай өкүмүн айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап келишет. (GA, ES)

XS
SM
MD
LG