Жулиан Эссанж Швециянын соту берген көрсөтмөгө ылайык камакка алынды. Кечээ анын адвокаты полицияга Эссанж өзү келгени жатканын кабарлаган эле. Швед бийликтери аны айрым келин-кыздарды ойноштукка мажбур кылган деп эсептешет. Эссанж бул айыптардын баарын караманча четке кагып, аны каралоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү деп атады. Wikileaks сайты АКШнын миңдеген жабык документтерин жарыя кылган соң кеңири белгилүү болгон эле.