PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык борбору 65 өлкөдөгү мектеп окуучуларынын билим деңгээлин иликтөөгө алган. Натыйжада Кыргызстан эң төмөнкү 65-орунга ээ болду. Казакстан 59-орунда. Ал эми алдыңкы орундарда Шанхай (Кытай), Түштүк Корея, Финляндия, Канада, Жапония жана башка өнүккөн өлкөлөр бар. Кыргызстан алгачкы жолу мындай изилдөөгө 2006-жылы катышып, анда да иликтөөгө тартылган 57 мамлекеттин ичинде эң начар көрсөткүч менен акыркы орунду ээлеген. Анда окуучулардын так илимдер боюнча сабаты, аны турмушта колдоно билүүсү бааланган болчу. (ES)