Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Басылмалар Wikileaksтеги материалдарды басып жатышат


Америкалык дипломатиянын сайтта шардана болгон документтерине шилтеме жасап, Британияда чыгуучу "Гардиан" гезити 2008-жылдагы орус-грузин жаңжалынан кийин НАТО Балтика боюндагы өлкөлөрдү коргоонун кошумча планын иштеп чыкканын кабарлады. Гезиттеги маалыматтарда быйылкы жылдын январында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Полшанын, Литванын, Латвиянын жана Эстониянын коопсуздугун коргоо боюнча планды жактырганы айтылат. Мындан тышкары АКШ Полшага кошумча аскер-деңиз күчтөрүн, аскерий авиациянын бөлүктөрүн жайгаштырууну сунуш кылган. Мамлекеттик департамент НАТО менен Россиянын мамилелерине зыян тийгизбес үчүн бул пландар жабык калышы керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG