Жетишилген кандайдыр бир мунаса тууралуу айтылган жок.Тараптар кечээки талкуулар конструктивдүү мүнөздө өткөнүн белгилешкен эле. Иран президенти Махмуд Ахмединежад Тегеранга каршы жарыяланган санкциялар жокко чыгарылганда гана дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөр үзүрлүү болорун билдирди. Женевадагы талкууларда "алтылыктын" – АКШ, Британия, Германия, Кытай, Россия жана Франция - өкүлдөрү Иранды уран байытуу ишинен айнытканга аракет кылууда. Иран муну аскерий максатта эмес, атом реакторуна керектүү отун алуу үчүн жасап жатканын ырастап келатат.