Евробиримдиктин маалымат кызматы билдиргендей, Соода комиссары Карел де Гухт менен Орусиянын Экономикалык Өнүктүрүү Министри Элвира Набиулина ушул маңыздагы меморандумга кол коюшту. Брюсселдеги кечээки (7-декабрдагы) сүйлөшүүдө Орусиянын Эл аралык Соода уюмуна (ЭСУ) киришине Европа Биримдигинин каршылыгына жүйөө болуп келген маселелер оңунан чечилгенин кабарланууда. Орусия Эл аралык Соода уюмуна 17 жылдан бери кире албай келатат.
Кыргызстан бул уюмга алгачкылардан болуп кирген пост-советтик мамлекеттерден болуп саналат.
Кыргызстан бул уюмга алгачкылардан болуп кирген пост-советтик мамлекеттерден болуп саналат.