Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

WikiLeaks-тин камактагы негиздөөчүсүн күрөөгө бошотпой коюшту


Өз сайтында АКШнын дипломатиялык жашыруун кат-кабарларын жарыялап келаткан Жулиан Ассанж кечээ (7-декабрда) эртең менен өзү Лондондогу полиция бекетине, макулдашылган мөөнөттө келгенде камакка алынган. Кийин сот мезгилинде аны күрөөгө бошотуу өтүнүчү четке кагылды. Ассанж Швециянын эл аралык буйругу (ордери) менен кармалды. Бул өлкөдө ага сексуалдык кол салуу шеги боюнча айып коюлууда. Ассанж мындай айыпты «саясий амал» деп четке каккан. Анын Викиликс (WikiLeaks) интернет барагына хакерлер кол салып, айрым банк эсептери жана интернет сайттары жабылып калды.

XS
SM
MD
LG