Мамлекет башчы Роза Отунбаева жакында 16-Азия оюндарында ийгиликке жетишкен кыргызстандык спортчуларга бүгүн акчалай сыйлык тапшырат. Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, мындан тышкары чемпиондорго убада кылынган батирлердин ачкычы да тапшырылуусу күтүлүүдө.
Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль алууга жетишти. Аларды узатып жатып президент Роза Отунбаева биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды жеңип келген спортчуларга 15; 10; 5 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар берилерин айткан.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Азия оюндарында 1-2-орундарды ээлеген спортчуларга шаардан батир убада кылган. (ZKo)