Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча сот жараянында чыр чыкты


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиришинче, бүгүн сотто айыпталуучулар акыркы сөздөрүн сүйлөштү. Судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетип бара жаткан учурда жабырлануучулар айыпталуучуларга асылып, кол салууга аракет жасаган. Милиция кызматкерлери чырды токтотуп, азыр сот күчөтүлгөн түрдө кайтарылып жатат. Мурдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоо 12-июнь күнү Шейит-Дөбөдө Алмазбек Раимжановдун аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген алты кишинин баарын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон сураган. Бул окуя боюнча айыпталып жаткандардын бири аял киши.

Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча соттук териштирүү 10-ноябрда башталган, ишти Ош шаардык соту шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде карап жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG