Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

АКШ жөөт конуштарын кеңейтүүгө каршы аракетин токтотту


АКШ жетекчилиги Израилдин Батыш Иорданда жөөт конуштарын куруусуну токтотуу аракетинен баш тартты. Батыш Иорданды Израил 1967-жылкы согушта басып алган. Жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотуу боюнча израилдик-палестиналык сүйлөшүүлөр сентябрда АКШнын арачылыгы менен башталган болчу.

Мамдепартаменттин өкүлү Филипп Кроули Ак үйдүн чечимин мындай түшүндүрдү:

- Биз конуштарга канча бир убакка мораторий жарыялап, кийин мораторийди кайра жандандырууну эки жак ортосундагы сүйлөшүүнү үзбөй улантуунун эң жакшы жолу деп ойлогонбуз. Биз сүйлөшүүнү алга жылдыруунун ылайыктуу жолу эмес деген тыянакка келдик.

Кроулинин айтышынча, АКШ тараптар түз эмес сүйлөшүүлөрдү улантканы жөндүүбү деп чамалап турат.

XS
SM
MD
LG