“Күч кызматкерлеринин укугун коргоо” жана “Күч структуралар биримдиги” коомдук бирикмеси чогуу Эл аралык Кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылышты. Аталган бирикменин жетекчиси Арстан Дунгановдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга ушул тапта абакта жаткан үч айыпталуучунун абалы себеп болду. “Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев кант диабети менен ооруйт, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи штаб башчысы Нурлан Темирбаев 7-апрель күнү калың топ тарабынан катуу токмоктолгон. Ал эми мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунгановго сот болорго аз күн калганда операция жасалган, ал өз убагында тиешелүү дарылануудан өтпөгөндүктөн, кайрадан олуттуу дарылоого муктаж,” - деп билдирет Арстан Дунганов.
Апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок аткан деген айып менен УКМК курамындагы “Альфа” атайын тобунун башчысы Алмаз Жолдошалиев баш болгон 8 мүчөсү, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары Данияр Дунганов баштаган 8 кызматкери, мурдагы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев жана мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиев камакка алынып, кийинчерээк мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев менен штаб башчысы Данияр Дунгановдон башкасы баары үй камагына чыгарылган.(ZKo)