Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

АКШда террордук иште шектелген киши кармалды


АКШнын федералдык прокурорлору билдиргендей, Мэрилэнд штатынын тургуну ЦРУ уюштурган аскердик каттоо бекетин жардыруу операциясында кармалды. Расмий өкүлдөрдүн маалыматына ылайык, ал киши колдонмок болгон бомба өкмөт өзү жабдыган жараксыз зат болгон. АКШнын Балтимордогу прокуратурасынан билдиришкендей, «элге коркунуч келтирилген эмес, себеби жардыргыч зат жараксыз болгон жана шектүү кишини укук органдары бир нече айдан бери аңдып жүрүшкөн». Жергиликтүү сыналгы маалымдагандай, кармалган киши кечээ жакында ислам динине өткөн теги никарагулык АКШ жараны болгон.

XS
SM
MD
LG