Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Гаитиде демонстранттар бийлик партиясынын баш кеңсесине өрт койду


Президент Рене Превал тандаган мураскор президенттик шайлоонун кийинки айлампасына катышаары маалым болгондон кийин, демонстранттар Гаитинин бийликтеги ИНИТЕ партиясынын штаб-квартирасын өрттөп жиберишти. Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 28-ноябрдагы шайлоодо Превал колдогон Жуде Целестин мурдагы биринчи айым Мирланде Манигаттан кийин, экинчи болуп келди. Анын үчүнчү болуп келген таанымал шайыр Мишел Мартеллиден көп добуш алышы Кариб булуңундагы бул өлкөдө шайлоо бурмаланган деген шектенүүнү пайда кылды. Баш калаа Порт-у-Принсте жана экинчи ири шаар болгон Кап Хаитиенде Мартеллинин миңдеген колдоочулары көчөгө чыкканда ок атылып, бир киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG