"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, Караганды шаарындагы психиатриалык ооруканада эки күн кармалган Александр Бондаренко кечээ бошотулду. Бондаренконун жубайы Лариса "Азаттыкка" күйөөсү өткөн дүйшөмбү күнү ал бир нече коммунист активисттер менен шаардын борборунан болшевиктердин лидери Владимир Лениндин эстелигин алып салуу чечимине каршы нааразылык акциясына чыккан жеринен кармалып кеткендигин билдирди. Анын айтымында, Бондаренконун акыл-эси ордунда экендигин мажбурлап текшертишип, психикасы мандемсиз деген диагноздон кийин кое беришген. Дагы бир коммунист Андрей Цуканов тартип коргоочуларга каршылык көрсөткөнү үчүн жети күнгө кесиди. Караганды шаарында 1975-жылы орнотулган Лениндин эстелиги дүйшөмбү күнү алынып салынды.