Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:59

Базар-Коргондо мугалимдер нааразылык акциясын улантууда


Мугалимдердин бири Калил Карабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мугалимдер буга чейин убадаланган бир кап ун, 5 кг. күрүч, 5 литрден суумай толук берилбей жатканына нааразы болуп жатышат. Ушул тапта мугалимдер 10 кг. дан күрүч алышты. Райондук акимчиликтин алдына чогулган 150гө чукул мугалим мурдагы коюп келген талаптары менен президентке, билим берүү министрине жана губернаторго кайрадан кайрылуу жолдогону жатышат.

Алар август, сентябрь жана октябрь айында да бийлик өкүлдөрүнө жолдогон кайрылуулары жоопсуз калганын билдирүдө. Базаркоргондук мугалимдер 1-декабардан бери айлык акыны 10 миң сомдон кем эмес кылып жогорулатуу, турак-жай үчүн жер бөлүп берүү талабы менен мөөнөтсүз акцияга чыгып келүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG