Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

“Республика” лидери бардык фракциялардын башчылары менен жолукту


“Республика” партиясынын маалымат катчысы Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ Өмүрбек Бабанов КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев, “Ата-Журттун” лидери Акматбек Келдибеков жана “Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов менен өз-өзүнчө жолукту. Анда жумушчу топтор иштеп чыккан алдын ала шарттар жана сунуштардын айланасында пикир алышуу болду.

Лидерлердин консультациялары жумушчу топтордон түшкөн сунуштардын негизинде дагы улантылат. Баш мыйзамга ылайык, “Республика” партиясы 15 күн ичинде коалицияны түзүшү керек. Коалиция түзүү мөөнөтү 24-декабрда аяктайт. (AzK)

XS
SM
MD
LG