Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жана Кыргыз таракалдык коомунун эпидемиологиялык иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында дем алуу органдарынан жабыркагандардын 90 пайызы оорунун көзөмөлсүз өөрчүгөн агымында жүргөндүгү аныкталды. Алар кеч диагностикадан өткөндөр, же заманбап технологиялар менен алдын ала текшерилбегендер болуп саналат. Ооруларды алдын алуу үчүн 2010-жылдын октябрь-ноябрь айларында Нарын, Каракол, Баткен, Ош, Жалал-Абад шаарларында заманбап шаймандар менен камсыздалган “Астма-бөлмөлөрү” ачылган. 10-декабрда ушундай эле бөлмөлөр Талас шаарында, Бишкек шаарынын Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлери жайгашкан имаратында ачылганы жатат. Жаңыдан түзүлгөн Астма-кабинеттерде өпкө оорусунун оор түрү менен жабыркаган бейтаптарга кеп-кеңештер берилип турат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)