Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Өлкө калкынын 77 пайыздан ашыгы коррупция деңгээли жогору деп баалашат


Бул туурасында бүгүн “М-Вектор” консалтинг агенттиги Бишкекте коррупциянын деңгээлин талкуулаган жыйында билдирди. Агенттиктин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Талас облустарында коррупциянын деңгээли башка аймактарга салыштырмалуу жогорку орунда турары аныкталган. Калк ишеним артпаган тармактардын катарына сот жана укук коргоо тармактары кирет. Ошол эл учурда Мамлекеттик кызматкерлерди колдоо фондунун көзөмөл кеңешинин төрагасы Асылбек Болотбаев өлкөдө буга чейинкиге салыштырмалуу коррупция менен күрөшүүдө саясий эрк көрсөтүлүп жатканын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG