Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Түндүк Корея менен Кытай корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулашты


Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен Кытайдын тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Дай Бингуо аймактагы жалпы абал тууралуу сүйлөшүүлөрдөн кийин “мунаса табышканын” Кытайдагы “Синьхуа” маалымат агенттиги билдирди. Кытай - Түндүк Кореянын жакын союздашы. Ноябрдын этегинде Түндүк Корея коңшусу Түштүк Кореянын аралына аскерий чабуул койгондо дүйнөлүк лидерлер Пхеньянды эпке келтириш үчүн Кытайды ортомчу болууга үндөшкөн. Кечээ АКШнын аскер күчтөрүнүн штабдарынын биргелешкен комитетин жетектеген Майк Мюллен “азырынча Кытай бул боюнча дурусураак эч нерсе жасай электигин” билдирген эле.

XS
SM
MD
LG