Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Кытай бүгүн өзүнүн тынчтык сыйлыгын ыйгарды


“Конфуций тынчтык сыйлыгын” расмий Бейжин Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшырууга бир күн калганда жарыялады. “Конфуций сыйлыгы” Кытай менен Тайван ортосундагы мамилени жакшыртканы үчүн тайвандык мурдагы вице-президент Лиен Чанга ыйгарылганы кабарланды. Эртең болсо Ослодо Нобелдин тынчтык сыйлыгы тапшырылат. Быйыл ал Кытайда түрмөдө жаткан диссидент Лью Сяобого тапшырылаары айтылган. Кытай буга нааразы болуп, бир топ мамлекеттерди быйыл сыйлыкты тапшыруу аземине барбоого үндөгөн. Норвегиянын Нобел комитетинен билдиришкендей, эртеңки аземге Кытайдан сырткары дагы 18 мамлекет катышпай турган болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG