Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Парламент коалиция түзө албаса, президент Жогорку Кеңешти таратат


Бул тууралуу мамлекет башчы Роза Отунбаева 9-декабрда Москвада чет мамлекеттердин дипломаттары менен болгон жолугушууда билдирди. Президент аларга Кыргызстандагы кырдаал тууралуу маалымат берип жатып, буга чейин түзүлгөн коалиция ыдырап калганын, экинчи жолу коалиция түзүү «Республика» партиясына берилгенин билдирди. "Эгер 24-декабрга чейин бул фракция максатына жете албаса, парламенттеги беш фракцияга коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү берилет. Эгер алар дагы коалиция түзө албаса, анда мен парламентти таратууга аргасыз болом", - деди Роза Отунбаева.

Өткөн аптада КСДП түзгөн коалиция максатына жетпей калган. Президент Роза Отунбаева 4-декабрь күнү парламенттик көпчүлүк түзүү аракетин «Республика» партиясына тапшырган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 10-октябрда болгон. Шайлоого катышкан 29 партиянын ичинен бешөө: "Ата Журт", КСДП, "Ар-намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" партиялары шайлоочулардын 5% добушуна ээ болуп, парламентке өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG