Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Нобель комитети: Люнун сыйлыгы "универсал" асыл-нарктарга негизделген


Нобель комитетинин төрагасы Турбьёрн Ягланд кытайлык укук коргоочу Лю Сяобого Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ыйгарылышы Кытайга "батыштык баалуулуктарды таңуулоо" далалаты эмес экендигин белгилеп, бүгүн Ослодо өтө турган сыйлык тапшыруу салтанатына катышпай турган болгон Украинанын элчиси өз чечимин өзгөрткөндүгүн кошумчалады. Салтанатка он чакты өлкөлөрдүн ичинен Орусия, Казакстан, Иран, Ирак өкүл жиберген жок.

Вашингтондо АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Филип Кролей Нобель комитетинин Тынчтык сыйлыгын кытайлык диссидентке ыйгаруу чечимине колдоо билдирип, Кытайды сөз эркиндигин, бардык кытай жарандарынын адам укуктарын коргоого үндөдү.

Кролей ошондой эле 54 жаштагы Лю Сяобону түрмөдөн дароо бошотууга чакырды. Кытай кечээ өзүнүн Тынчтык сыйлыгын Тайвандын мурдагы вице-президенти Лиен Чанга ыйгарды.

XS
SM
MD
LG