Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Лондон: демонстранттар ханзаданын унаасына кол салышты


Ханзада Чарлз аялы Камиля менен келаткан унаага Англияда билим берүүнүн акысын көтөрүүгө нааразы болгон демонстранттар кол салып, терезесин сындырышты. Жубайлар жапа тарткан жок.

Парламент университеттерде билим алуу акысын кескин көтөрүү мыйзамын жактыргандан кийинки кол салуунун мезгилинде Парламент аянтында нааразы студенттер парламенттин алдындагы коопсуздук тосмолорун талкалап, кийин Казына министрлиги менен Жогорку Соттун имаратына чабуул жасашты.

Кагылыштарда сегиз тартип коргоочу жараат алды. Өкмөт Англиядагы жогорку окуу жайлардагы жылына 5 миң долларга чамалап барган билим берүү акысын дээрлик үч эсеге көтөрүүнү сунуш эткен.

XS
SM
MD
LG