Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Орусия тажик-ооган чек арасына кайтып келүүгө даяр


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тажикстандын Ооганстан менен чек арасына орус чек арачыларын кайра жайгаштыруу маселесин талкуулоону сунуш этти. Министрликтин Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси, мурда Орусиянын Тажикстандагы элчиси болгон Максим Пешков эгер тажик өкмөтү кааласа, Орусия чек араны көзөмөлгө алууга даяр экенин "Азаттыкка" бышыктады. Орус чек арачылар бул аймакта 1990-жылдардын башынан 2005-жылга чейин турган.

XS
SM
MD
LG