Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту жанат


Шаардык мэриядан “Азаттыкка” билдиришкендей жаңы жылдык балатылардын оту бүгүн кечинде жанат. Балатылар борбордук Ала-Тоо аянтында, Өкмөт үйүнүн жана мэриянын алдында орнотулган. Шаар бийлиги жаңы жылга карата беш жерге: борбордук аянтка, Өкмөт үйү менен мэриянын алдына, опера-балет театрынын жанына жана Жеңиш аянтына балаты орнотуп, жасалгалоонун үстүндө.

Балатыларды орнотуу 4-декабрда башталган. Бишкек шаар мэриясы жаңы жылга карата борбор калааны жасалгалоого 2 млн. 700 миң сом сарпталганын кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG