Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстанда адам укугун бузуу фактылары катталууда


Бул тууралуу Бишкекте 10-декабрь адам укугу күнүнө арналган жыйында белгиленди. Акыйкатчы Турсунбек Акун адам укуктары жаатында азыркы бийлик мурдагылардын катачылыгын кайталап жаткандыгын айтты. Турсунбек Акун июнь айындагы коогалаңда адам өлтүрдү делип айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ак экендигин, бул көз карандысыз иликтөөдө аныкталганын белгиледи. Жыйынга катышкан укук коргоочулардын айтымында, адам укугун бузуу фактылары өзгөчө июнь окуясынан кийин көбөйгөн жана бул Ош менен Жалал-Абад облустарында көбүрөөк кездешүүдө.

1948-жылы 10-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. Кыргызстан адам укуктары мамлекеттик саясаттын деңгээлине чыгарылган өлкөлөрдүн катарына кирет. Өлкөдө Акыйкатчы институту 2002-жылдан бери иштеп келе жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG