Базар-Коргон районунун администрациясынын алдындагы Эмгек баатырлары аллеясында июнь айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун эстелиги ачылды. Ага облус прокурору Каныбек Турдумаматов жана маркумдун жакындары катышты. Ачылыш аземден кийин Мыктыбек Сулаймановдун элесине куран окулду.
Базар-Коргон айылынын участкалык милиция башчысы Мыктыбек Сулайманов кызматтык милдетин аткарып жүрүп, 13-июнда Ош – Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүнө топтолгон адамдар тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. (КЕ)