Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

5-класстын окуучусун ит каап алып, каза тапты


8-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө 12 жаштагы бала кутурган иттин капканынан каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев кабарлады. Маалыматка ылайык, 27-ноябрда кечки саат беш жарым чамасында Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну Бекмамат Камалдинов окуудан чыгып үйүнө бара жатып, жолдо жүргөн күчүктү таап алып, көтөрүп бара жатканда, күчүк анын оозун тиштеп алган. 7-декабрда анын абалы начарлап, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетинен натыйжа чыкпай, бала жан берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG