Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Германия элчилиги алыскы мектептерге спорт шаймандарын тапшырды


Германиянын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грен өлкөнүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновго 181 миң сомдук спорт шаймандарын тапшырды. Германиядан алынып келинген белектер, үстөл тенниси, баскетбол жана теннис топтору, ракеткалар Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарынын алыскы он мектебине берилмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Кабыл Макешов билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG