Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

"Азаттыктын" кабарчылары сыйланды


Маданият жана маалымат министрлиги уюштурган “Китеп - жан дүйнө азыгы” акциясы бүгүн жыйынтыкталды. Анда 2009-2010-жылдары жарык көргөн китептердин арасында сынак жарыяланып, “Окурман күткөн китеп”, “Жаштык жигер” жана “Калемдештер” деген үч номинацияда сыйлыктар тапшырылды. Маданият министри Садык Шер-Нияздын айтымында, бул иш-чара китептин кадыр баркын көтөрүү жана акын, жазуучуларды колдоо максатында уюштурулган. "Китеп - жан дүйнө азыгы” акциясынын алкагында “Азаттык” радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова “Сыр сандык” жана кабарчы Шайлообек Дүйшеев “Шамал”, “Туз” китептери үчүн сыйлык алды.

Ушул эле күнү 10-декабрь адам укуктары күнүнө карата Акыйкатчы институту “Азаттыктын” редактору Айданбек Ташкенбаевди жана мурдагы кабарчы Жаркын Темирбаеваны адам укуктарын мыкты чагылдырган журналист деп таанып, атайын төш белги менен сыйлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG