Евробиримдик, Улуттар уюму, Араб лигасы Израилди ал жөөт конуштарынын курулушун токтотуу жөнүндөгү талаптарды аткаруудан баш тарткандан кийин сынга алышты. Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу үчүн Израилден конуштардын курулушун токтотууну талап кылып келген АКШ апта башында расмий Тел-Авивди буга ынандыруу аракетин токтоторун, бирок тынчтык орнотуу аракеттери улантыла берилерин билдирген эле. Палестин президенти Махмуд Аббас Иордандын Батыш жээги менен Чыгыш Иерусалимдеги жөөт конуштарынын курулушу тоңдурулмайынча сүйлөшүүлөргө барбай турганын дагы бир ирет кайталады. Бул аралыкта Вашингтондо Палестина менен Израилдин чабармандары АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.