Орусиянын Пермь шаарынан кайтып келген кыркка чукул мигрант “Замандаш” партиясынын кеңсесинин алдына чогулуп, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигине бир катар талаптарды коюшту. Алар Орусияда азапка кабылгандарын айтып, дагы ондогон кыргыз мигранттары ал жакта кулчулукта жүргөнүн белгилешүүдө. Митингчилер аталган министрликти айрым алдамчы уюмдар менен келишим түзүүгө барган деп айыпташууда. Чогулгандар менен министрдин орун басарлары Алик Байбориев жана Мирадил Бакашев жолугушуп, бул факты боюнча чукул арада териштирүү башталаарын билдиришти. (KE/JaK)