Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:58

Иран: өлүмгө өкүм кылынган аял бошотулду деген маалымат төгүндөлдү


Адам өлтүргөн жана жубайынын көзүнө чөп салган деген жүйөө менен өлүм жазасына кесилип, өкүмү таш бараңга алуу жолу менен ишке ашырылуусу керек болгон Сакине Мохаммади Аштиани бошотулду деген маалыматты берүүлөрүн англис тилинде таратуучу Пресс ТВ телеканалы төгүндөдү. Мындай маалыматты кечээ кеңсеси Германияда жайгашкан, Таш бараңга каршы эл аралык комитет деп аталган уюм тараткан эле. Пресс ТВ телеканалы Сакине Аштиани уулу жана адвокаты менен түрмөдө жолугушуп жаткан тасманы көрсөттү.

Эки баланын энеси, 43 жаштагы Аштиани өлүм жазасына 2006-жылы кесилген. Эл аралык коомчулуктан айтылган айыптоолорго байланыштуу иран бийликтери өкүмдүн аткарылышын эки ирет кийинкиге калтырган. Бирок расмий өкүлдөр ал күйөөсүн өлтүрүүгө катышы бардыгы үчүн баары бир өлүм жазасына тартыларын айтышууда.

XS
SM
MD
LG