Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Мугалимдердин айлыгын 1-январдан тарта көтөрүү маселеси каралууда


Мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү каралып жаткандыгын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мугалимдердин айлык акысын көтөрүүгө мамлекеттик бюджеттен кошумча 1,2 млрд. сом талап кылынат. Азыркы тапта аталган министрлик жана кыргыз өкмөтү айлыкты этап-этап менен көбөйтүү үчүн булактарды издеп жатат.

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда иш таштаган мугалимдер менен жолугушкан учурда айлыкты көтөрүү маселеси чечилерин билдирген. Ошондой эле министр мырза жакын арада өкмөт үйүндө ушул маселеге байланыштуу жыйын болорун кошумчалады.

Айлык акынын аздыгына нааразы болгон айрым мугалимдер 1-декабрдан бери митингге чыгып келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG